Site icon Reporter.kg

Еврокомиссия ЕБ өлкөлөрү 1-июлдан тарта чек араларын ачуусу керектигин сунуштады

Еврокомиссия Шенген зонасына кирген ЕБ өлкөлөрүнө 1-июлдан тартып баскыч-баскыч менен тышкы чек араларды ачууну баштоого сунуштама берди. Комиссия бул убакытка чейин биримдиктеги өлкөлөр арасындагы чектөөлөр алынат деген көз карашта.

30-июнга чейин ЕБнын чек аралары үчүнчү өлкө жарандары үчүн жабык болот. Еврокомиссия 1-июлдан тартып бир нече категориядагы чет өлкөлүктөр үчүн, анын ичинде студенттер жана жогорку квалификациялуу жумушчулар үчүн чек араны ачууну сунуштоодо. 

Ал арада Шенген зонасына кирген өлкөлөрдүн консулдуктары тарабынан виза берүүнү жандандыруу үчүн критерийлер да иштелип чыкты, бирок так датасы айтыла элек.

Еврокомиссиянын сунуштарын ЕБ өлкөлөрү жактырышы керек.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн көбүндө коронавирус жуктурган жана өлгөн кишилердин саны азайууда.

Exit mobile version