Site icon Reporter.kg

Европа өнүктүрүү банкы Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Исфана шаарын суу менен камсыздоого 5 млн евро бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Жыйында Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү” боюнча кредиттик макулдашуу жана гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 1,6 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 3,4 млн евросу грант болуп саналат.

Долбоордун жыйынтыгы менен 33 900 адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Exit mobile version