Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Европалык комиссиянын алдында өлкөнүн авиация тармагын реформалоо боюнча эки жылдык иштердин жыйынтыгын ийгиликтүү коргогонун билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул аракеттер Европа Биримдигинин коопсуздук тизмесинен (кара тизмеден) чыгуу процесси алкагында жүргүзүлүп жатат.
Жолугушуу Европа Биримдигинин Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча Башкы директоратында (DG MOVE) өтүп, анда Кыргыз Республикасынын учуулардын коопсуздугун камсыздоо, көзөмөл жана эл аралык стандарттарга шайкештик тармагындагы негизги жетишкендиктери талкууланган. Директораттын өкүлдөрү аткарылган иштерге оң баа беришкен.
Кыргызстан тарап авиация тармагындагы төмөнкү жетишкендиктер тууралуу маалымат берген:
- Учуу коопсуздугун жогорулатуу жана мурда аныкталган бузууларды жоюу боюнча иш-чаралар планы толук аткарылган.
- Көзөмөл процедуралары жаңыланып, инспекторлордун квалификациясы жогорулады жана агенттиктин материалдык-техникалык базасы бекемделген.
- Нормативдик-укуктук база модернизацияланып, авиакомпаниялар менен аба кемелерин сертификаттоо тармагында европалык стандарттар менен шайкештикке жетишилген.
- Институционалдык потенциал жогорулады: каржылоо көбөйтүлүп, инспекторлордун эмгек шарттары жакшыртылды жана кадрлар системалуу окутулууда.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Европа Комиссиясына техникалык отчетторду, мыйзамдык актыларды жана өлкөнүн Европа Биримдиги менен түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө даяр экендигин тастыктаган бардык тиешелүү документтерди тапшырган.
«Бүгүнкү күндө биз ишеним менен айта алабыз: Кыргыз Республикасынын авиация тармагы эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп берген деңгээлге жетти. Бул акыркы жылдардагы масштабдуу жана системалуу иштердин жыйынтыгы. Биз алдыга карай кыймылды улантабыз жана кабыл алынган реформалар Европа Биримдиги тарабынан биздин статусубузду акыркы карап чыгууга негиз түзөт деп ишенебиз», — деп билдирген Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов.
Өз кезегинде Европа Комиссиясы кыргыз тараптын ачык жана кесипкөй позициясына ыраазычылык билдирип, байкаларлык прогрессти жана конструктивдүү диалогду белгилеген.
Кыргызстандын кара тизмеден чыгып-чыкпагандыгы боюнча чечим Европа Биримдигинин комитетинин ушул жылдын май айына пландалган жыйынында жарыяланары белгилүү болду.