Site icon Reporter.kg

Facebookта 400 миллиондон ашуун колдонуучунун телефон номурлары Интернетте тарап кетти

Facebook социалдык түйүнүнүн 400 миллиондон ашуун колдонуучусунун телефон номурлары Интернетте тарап кеткен. Бул тууралуу шаршемби күнү кечинде TechCrunch басылмасы билдирди.

Сыр сөз менен сакталбаган серверде социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын телефон номурлары камтылган жүз миллиондогон жазуу бар.

TechCrunch билдиргендей, анда колдонуучулардын аты-жөнү, жашаган жери тууралуу маалыматтар да бар. Базага АКШ жашоочуларынын 133 миллион, Вьетнам жашоочуларынын 50 миллион, Британия жашоочуларынын 18 миллион аккаунту кирип калган.

Басылма бул маалыматтардын ачык жарыяланышы алдамчылар тарабынан SIM-карталарды алмаштырып коюуга, спам жөнөтүүгө жол ачышы ыктымал деп эсептейт.

Июлда АКШнын Федералдык соода комиссиясы колдонуучулардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткени үчүн Facebook компаниясына беш миллиард доллар айыппул салган. Бийлик менен түзүлгөн келишимдин алкагында компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жеке маалыматтарды бекем сактоо үчүн жоопкерчиликке тартылат.

«Фейсбук» компаниясына байланыштуу иликтөө 2018-жылы башталган. Анда журналисттер Дональд Трамптын президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө «британиялык «Cambridge Analytica» компаниясы социалдык тармактын колдонуучулары жөнүндө маалыматты колдонду» деп айыптап чыккан. Аталган маалыматтар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылган.

Exit mobile version