Factcheck.kg сайтына хаккердик чабуул жасалды

Factcheck.kg сайтына хаккердик чабуул жасалды

Кыргызстандагы маалыматтардын чын-төгүнүн жана материалдардын жасалмалуулугун изилдеген factcheck.kg басылмасына чабуул жасалды. Бул тууралуу аталган сайттын башкы редактору Болот Темиров Reporter.kg`ге билдирди.

“Чабуул касы жактан жасалып жатканын билбей жатабыз.  10 мүнөт болуп калды сайтыбыз да, администратордук баракча да ачылбай жатат.  Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес. Чабуулдун артында кимдер тураганын так так айта албайбыз, бирок Райымбек Матраимовдун жубайынын чыгымдары тууралуу иликтөөбүзгө байланыштуу болушу мүмкүн”, — деди Темиров.

Factcheck.kg  сайты бүгүн Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын социалдык тармакка жүктөгөн аксессуарларынын баасын иликтеп чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>