Site icon Reporter.kg

Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 9-февралына чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын райондук соттон кабарлашты.

Ушундай эле чечим Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Смайлов менен Амантур Жамгырчиевге да чыгарылган.

Белгилей кестек, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш айылында болгон башаландыкты уюштурууга жана «Альфанын» кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу камакка алынышкан.

Exit mobile version