Site icon Reporter.kg

Фарид Ниязов апрелдин жарымына чейин абакта болот

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси жана анын президенттик аппаратын жетектеген Фарид Ниязовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттон  кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот отуруму бүгүн, 18-мартта орун алып, анда Ниязовдун камактагы мөөнөтү 13-апрелге чейин узартылды.

Белгилей кетсек,  Биринчи май райондук соту Ниязовду 10-февралга чейин камакка алган.

Фарид Ниязов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. 2020-жылдын 6-октябрдагы башаламандык учурунда камактагы саясатчылар менен бирге абактан чыгып 11-октябрда кайра кармалган.

Exit mobile version