«Фейсбук» Садыр Жапаровдун уу-коргошун боюнча постун өчүрдү

«Фейсбук» Садыр Жапаровдун уу-коргошун боюнча постун өчүрдү

«Фейсбук» компаниясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан «айыктыруучу дары» тууралуу постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык түйүндүн басма сөз кызматы электрондук кат аркылуу «Азаттыкка» ырастаган.

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдирди «Фейсбук» компаниясынын басма сөз катчысы.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери «Фейсбук» социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» табышканын айткан.

16-апрелде салматтык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда коронавирус жуктурган жарандарды уу-коргошун менен дарылап жаткандарын маалымдаган.

Министр: “Уу-коргошунду” Садыр Жапаров өзү кайнатууда

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>