Site icon Reporter.kg

Айгүл Жапарованын атынан акча ойноткон аккаунт пайда болду

Фейсбукта президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын атын жамынып, акча ойноткон фейк аккаунт пайда болду.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев да ал баракча фейк экенин билдирип, ал аккаунтта чыккан маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

«Бул баракчанын биринчи айымга эч кандай тиешеси жок. Фейк баракча. Андыктан бул баракчада жайгашкан маалыматтарга ишенбеңиздер», — деп жазган ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version