«Фейсбукта» аймактар аралык жаңжалды козуткан “Аруузат Токо” кармалды

«Фейсбукта» аймактар аралык жаңжалды козуткан “Аруузат Токо” кармалды

“Аруузат Токо” деген ат менен «Фейсбукка» катталып алып, аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген аял киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Мекеменин маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан адам Т.Ч. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон, ал  30-март күнү кармалган.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды.

Учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>