Кулов жаңы Конституция тууралуу: Октябрдагыдан да жаман окуялар болушу мүмкүн

Кулов жаңы Конституция тууралуу: Октябрдагыдан да жаман окуялар болушу мүмкүн

Эгерде Конституциянын ушул редакциясы өтүп кетсе, мен аны эл кабыл алат деп 100% кепилдик бере алам. Мындай пикирин мурдагы премьер-министр Феликс Кулов «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эл бир кожоюнду көргүсү келгендиктен, бир эле адам башкарсын деген популизм оюну бар.

“Легендарлуу парламентти ким кыйратты? Парламентти жок кылышты. Баары Конституция өтпөшү үчүн депутаттардын абийирине, Садыр Жапаровго кайрылуу керек. Мен 100% кепилдик бере алам, эгер Конституция кабыл алынса, анда октябрь окуяларынан дагы жаман иштер болот”, — деди ал.

Белгилей кестек, Конституциясынын жаңы долбоору 17-июлда коомдук талкууга чыгарылган. 80 депутаттын демилгечи экени жазылган  долбоордо Элдик Курултай институту түзүлөрү, Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектей турганы, ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болору жана Жогорку Кеңештин депутаттары 90го азаяры тууралуу бир катар олуттууу өзгөрүүлөр камтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>