Февралда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт

Февралда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт

Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2,5-3%га кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, россиялык нефти продукция базарларында күйүүчү-майлоочу майдын дүң баасынын кымбаттаганы байкалууда. Бензин орто эсеп менен тоннасы 91,6  долларга, ал эми дизель майлары тоннасы 25 долларга кымбаттаган.

Жогорудагы абалды эсепке алуу менен февраль айынын аралыгында Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу жана бензин майына болгон баа 2,5-3%га кымбатташы мүмкүн. Муну менен катар нефтетрейдерлер компаниясы бааларды теңдөө жана дароо кымбаттатууну алдын алуу саясатын улантууга ниеттенүүдө,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Ассоциация Глобалпетролпрайсиз (GlobalPetrolPrices.com) сайтынын рейтингине ылайык, Кыргызстан бензиндин баасы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турат.

Аталган рейтингдин маалыматына ылайык, Кыргызстан импорттоого муктаж өлкөлөрдүн ичинен майдын арзандыгы боюнча биринчи орунда турат. Биринчи жыйырмалыкка кирген башка бардык өлкөлөр нефти өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Мисалы, алар Венесуэла, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка өлкөлөр.

Дүйнөдө бензиндин орточо баасы литрине 1,06 АКШ доллар болсо, ал эми Кыргызстанда 0,455 АКШ долларына барабар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>