Site icon Reporter.kg

Февралда мигранттар Кыргызстанга 187,6 млн доллар которгон

Hundred dollar bills money pile.

Февраль айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 187,6 миллион доллар которгон. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.

Бул 2022-жылдын январь жана 2021-жылдын февраль айларына салыштырмалуу 6% же 10,5 миллион долларга көп.

Салт боюнча алардын көбүн Орусияда жүргөн кыргыздар которгон. Алар жеке адамдардын тез которуу системалары аркылуу акча которууларынын жалпы көлөмүнүн 97%ын (182,1 млн. доллар) түзөт.

Exit mobile version