Site icon Reporter.kg

ФИФАнын рейтинги: Кыргызстан 96-орунга түштү

Футбол боюнча дүйнөнүн күчтүү курама командаларынын жаңыланган рейтинги 26-ноябрда Европа Улуттар Лигасынын финалдык беттештеринин жыйынтыгы боюнча жарыяланды.

Отчеттук мезгилде Кыргызстандын курама командасы матчтарга катышкан жок жана 95 позициядан 96 позицияга төмөндөгөн.

Люксембург курама командасы Улуттар Лигасынын акыркы турунда Азербайжан курама командасы менен тең чыгып, Кыргызстанды озуп кетти.

Азия футбол конфедерациясынын өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 15-орунду ээлейт.

Exit mobile version