Site icon Reporter.kg

Филиппинде пияздын баасы 13 долларга жетти

Ушул айда Филиппинде пияздын баасы 12-13 долларга чейин көтөрүлдү. Бул аталган өлкөдөгү эттин өздүк наркынан көп. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Тайм» журналы дүйнөлүк инфляциядан улам азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзү боюнча өсүп жатканын билдирди.

Пияздын кескин өсүшүнө Орусия-Украина согушу, жеткирүү түйүндөрүнүн көйгөйлөрү жана климаттын кескин өзгөрүшү себеп болууда”, — деп айтылат басылманын маалыматында.

Белгилеп кетсек, январь айында бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө да пияздын баасы кескин көтөрүлдү. Мындан улам Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салды. Түркмөнстан да аталган жашылчага болгон тартыштык жаралууда. Өзбекстанда, Түркмөнстанда катуу сууктан пияздарды үшүк алып, жарактан чыккан.

Ал эми Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги пиязды ЕАЭБдин аймагынан тышкары экспорттоого чектөө киргизген токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Учурда Кыргызстанда 1 кг пияз 60-70 сомго бааланса, Өзбекстанда 80-100 сомдон сатылууда. Жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандагы пияз баасынын кескин жогорулашын Өзбекстанга пиязды экспортоо менен байланыштууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version