Финансы министри: Өлкө бюджетин колдоого 408 млн доллар каражат тартылууда

Финансы министри: Өлкө бюджетин колдоого 408 млн доллар каражат тартылууда

Өлкө бюджетине 408,1 миллион доллар суммасында каражат тартылууда. Мындай маалыматты бүгүн, 2-июлда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн сумманын ичинен 2-июлга карата 291,9 доллар Азия Өнүктүрүү банкынан жана Эл аралык валюта фондунан келип түшкөн. Эл аралык валюта фондунан эки транш менен Кыргызстанга жалпы суммасы 241 миллион 900 миң доллар келди.  Ал эми Азия Өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар которулду. Анын 25 миллион доллары грант түрүндө келген.

Жыл соңуна чейин республикалык бюджетти колдоого дагы 116,2 миллион доллар каражат тартып келүү күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>