Site icon Reporter.kg

Абдыбалы тегин Суеркул Финансы министринин орун басары болду

Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков ээлеген кызматынан бошотулду. Ал берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Абдыбалы тегин Суеркул Финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 3-июлда Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси – министр Самат Кылжыев тааныштырды.

 

Exit mobile version