Site icon Reporter.kg

Финансы министрлиги Жанар Акаевге жооп берди

Ишкерлерге пайызсыз насыя берүү белгиленген графиктен эрте болууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган “Чакан, кичи жана орто бизнеске ыкчам колдоо” долбоорун ишке ашырууда (мындан ары – долбоор). Долбоордун жалпы суммасы кошумча каржылоону кошкондо 150 млн. долларды түзөт, анын ичинен:

1-компонент, кайтарылуучу каржылык жардам — 111,75 млн. доллар

2-компонент, портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми — 32 млн. доллар

Башкача айтканда, ишкерлер 11 коммерциялык банк аркылуу 111,75 млн. доллар өлчөмүндө каржылык жардамды ала алышат. Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашырылат.

Чакан, кичи жана орто ишкерлер үчүн 1-компонент, кайтарылуучу каржылык жардамдын алкагында категориясына жараша 36 айга чейин 1 млн. сом жана 3 млн. сомго чейин пайызсыз насыя берүү каралган.

Долбоордун алкагында 2023-жылга карата республикалык бюджетке 2 млрд. сом каржылоо максатында бөлүнгөн. Каржылоо башталгандан бери (2021-жылдын октябры) 6200 ишкер үчүн 4,091 млрд. сом (47,028 млн. доллар) бөлүнгөн. Каражатты өздөштүрүүнүн жогорку темпин эске алуу менен жана пайызсыз насыяларды берүү белгиленген убактан эрте жүрүп жатканын эске алып, Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылга карата республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүүдө.

Өз кезегинде Финансы министрлиги менен коммерциялык банктардын ортосундагы келишимге ылайык, долбоор боюнча банктарга каражат арыздардын негизинде ай сайын которулат. Анткен менен, долбоордун каражаттарын рационалдуу пайдалануу максатында, которула турган сумманын көлөмү банк буга чейинки бөлүнгөн акчаны кандай өздөштүргөнүнөн көз каранды болот.

Иш жүзүндө долбоор боюнча пайызсыз кредиттерди берүү үчүн потенциалдуу карыз алуучуларды талдоо жана баалоодо өнөктөш банктар Улуттук банктын жоболорун жана нускамаларын, коммерциялык банктын ички нормативдик документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнунда бекитилген “Банктар жана банктардын иш алып баруусу жөнүндө” мыйзамын эске алат. Пайызсыз кредит берүүдөн баш тартуунун негизги себептери болуп насыя тарыхынын начардыгы, зарыл документтердин жана күрөөнүн жоктугу саналат.

2-компонент портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизминин алкагында (мындан ары ПТБМ) Финансы министрлиги «Кепилдик фонд» ААК менен биргеликте чакан, кичи жана орто ишканаларга кепилдиктерди берүү боюнча келишим түздү. Бүгүнкү күндө бул тармакка 1,305 млрд. сом (15 миллион доллар) бөлүнгөн.

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Азия инфраструктуралык инвестиция банкы аркылуу ишкерлерге берилген жеңилдетилген насыялар тез берилбей жатканын сынга алып, 2 жылдан бери 90 миллион доллары гана берилгенин, калган 60 миллионун берүүнү тездетүүнү талап кылган.

 

Акаев ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүүнү өтүндү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version