Site icon Reporter.kg

Финляндияда коронавирус эки эсеге көбөйдү

Финляндиянын Социалдык иштер жана саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус акыркы айда өлкөдө тездик менен жайылып жаткандыгын эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Финляндия бийлиги акыркы эки жумада табылган оорулардын саны кескин өсүп, 798ге жеткенин айтты.

Буга чейин, 28-октябрдан тарта Финляндия коңшу өлкөлөр — Швеция жана Норвегия менен чек араларын жаба турганы маалымдалган. Мындай чаралар аталган эки өлкөдө оорулардын жогорку көрсөткүчтөрүнө байланыштуу кабыл алынган.

Финляндия бийлиги Орусиядан келген коноктор үчүн тышкы чек араларды ачуудан баш тарткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, Финляндияда 9 миң 300 адам коронавируска чалдыккан. Жугуштуу оорудан 343 адам көз жумган.

Exit mobile version