Финпол бирдиктүү эсепке кезектеги 17 миллион сомду которду

Финпол бирдиктүү эсепке кезектеги 17 миллион сомду которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллион 311 миң 895 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан аталган мекеме бирдиктүү депозиттик эсепке 755 миллион 752 миң 907сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар экономикалык жана кызматтык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Рубрики: ЭКОНОМИКА

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>