Финпол “Чет өлкөгө жумушка орноштурабыз” деп алдап жүргөн ишканага иш козгоду

Финпол “Чет өлкөгө жумушка орноштурабыз” деп алдап жүргөн ишканага иш козгоду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш жүргүзүп келген компанияга карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты.

Маалым болгондой,  Финансы полициясына У.Т. аттуу жаран кайрылып, “P.S.” ишканасынын мыйзамсыз ишмердигинин кесепетинен Чехияга барып оор турмуштук кырдаалга туш болуп калганын айткан.

Келишим боюнча ишкана жарандан 1000 доллар акча алып, бирок жумуш орун  жана жашоосу үчүн керектүү документтерди берген  эмес.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн учурда “P.S” ишканасы жарандарды Бишкектеги Чүй 28/1 дареги боюнча ишке орноштуруу ишмердигин жүргүзүп келишкендиги аныкталды.

Бирок ишкана жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна ээ болуу үчүн Мамлекеттик миграция кызматынан уруксат алган эмес.

Биринчи май райондук сотунун токтому менен  “P.S”  ишканасынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлүп,  мыйзамга каршы иш-аракеттерди күбөлөндүргөн бир катар документтер табылган. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Урматтуу Кыргызстандын жарандары!
Сиздерди кызыктырган жалган жана таттуу убадаларга ишенбөөңүздөрдү суранабыз. Кандай гана компания болбосун анын  ишмердик тарыхын, тиешелүү уруксат кагаздарын карап чыккыла! Ошондой эле жалган убадаларга туш болсоңор  Финансы полициясынын 0312) 323 091, 323 707 номерине чалгыла!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>