Бишкекте клексан дарысынын бир таңгагын 8 миң сомдон саткан дарыкана аныкталды

Бишкекте клексан дарысынын бир таңгагын 8 миң сомдон саткан дарыкана аныкталды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) клексан дарысын кымбат сатып жаткан дарыкананын үстүнөн сотко чейинки териштирүү баштады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын биринде текшерүү үчүн атайын сатып алуу жүргүзүлгөн. Анда дарыкана кызматкери клексан препаратынын бир таңгагын 8 миң сомдон саткан.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Финпол мындан ары пандемия учурунда дары-дармектердин баасын кескин жогорулатып алган фармкомпаниялардын аталышы жана сатылган жай толук жарыяланарын эскертет. Ошондой эле дары-дармектерди кымбат саткандарга  күбө болгондорду 1955  номуру аркылуу  же receivefinpol.gov.kg@gmail.com. электрондук почтасы аркылуу кабарлап коюну суранат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>