Финпол «Не сахар» командасы менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар сакталган кампаны табышты- видео

Финпол «Не сахар» командасы менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар сакталган кампаны табышты- видео

Финансы полициясынын кызматкерлери «Не сахар» командасы менен биргеликте 2017-2018-жылдарга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен (кондитер, печенье жана ар кандай таттуулар) ири көлөмдөгү кондитердик азыктар сакталган дагы бир кампаны табышты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ошол эле кампадан, таңгактарда чыгарылган күндү алмаштырууга (өзгөртүүгө) пломбалар табылган жана алынган. Мөөнөтү бүткөн продуктулар менен аныкталган кампа жабылып, мөөр басылган. Бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат, анын жүрүшүн Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев көзөмөлгө алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>