Финпол: Тез жардам унааларын өз баасынан кымбат сатып алгандарга кылмыш иши козголду

Финпол: Тез жардам унааларын өз баасынан кымбат сатып алгандарга кылмыш иши козголду

Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Каржы полициясы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Газель Соболь» (10 унаа) жана «Форд Транзит» (3 унаа) үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын кымбат баада сатып алуу фактысы аныкталган.

Учурда аталган факт иликтенип, жогорку кызматтагы адамдардын ага тиешеси бар же жоктугу аныкталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>