Финпол Жумалиевге тиешелүү мүлктөрдү тинтүүгө алууда — видео

Финпол Жумалиевге тиешелүү мүлктөрдү тинтүүгө алууда — видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол)  Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү делген компания жана мекемелерге тинтүү жүргүзүүдө. Маалыматты Reporter.kg маалымат агенттигине Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады.

“Азырынча Жумалиев менен байланышы бар делген Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде «Таатан» жана «Гоин» соода борборлорунда тинтүү жүрүгүзүлүп жатканын айта алам. Калган маалыматтарды кийинчерээк беребиз”, – деди басма сөз катчы.

Учурда социалдык тармактарда жогорудагы аймактарда спецназдын коштоосунда  тинтүү жүргүзүлүп жатканындыгы тууралуу видеолор тарап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>