Финпол Жумалиевдин жана анын туугандарынын мүлкүн аныктады

Финпол Жумалиевдин жана анын туугандарынын мүлкүн аныктады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктады.  Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар экендиги жана ал уюмдаштыруучу жана бир катар ишканаларга жетекчи экендиги аныкталган . Ошондой эле депутаттын жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Финпол аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын кошумчалады.

Буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсук” баракчасынан түз эфири аркылуу Кубанычбек Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз  байыган деп айыптаган.

Жумалиев экс-прокурор Жапыкеевдин айткандарын четке кагып, куран кармап караганган.

Кийин Башкы прокуратура Жумалиевдин байлыгы боюнча  «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>