Финполдун мурдагы жетекчиси күнөөлү деп табылып, ага айып салынды

Финполдун мурдагы жетекчиси күнөөлү деп табылып, ага айып салынды

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) мурдагы башчысы Бакир Таировду Биринчи май райондук соту күнөөлү деп тапты.

Маалыматка ылайык, ал 319-берененин 1-бөлүмү (Коррупция) менен күнөөлүү деп табылган. Таировго VI категориядагы эсептик көрсөткүчтүн 2650 өлчөмүндө, башкача айтканда 265 миң сом өлчөмүндө айыл салынды.

Белгилей кетсек,  2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында, Финполдун экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, мамлекеттик органдын жетекчилеринин бирин ага ири суммадагы акча которууга мажбурлаганы аныкталган.

2020-жылдын 10-декабрында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Таиров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, Таиров келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары республикалык бюджетке 20 млн сом төккөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>