Финполиция өлкө казынасына дагы 280 млн сом которду

Финполиция өлкө казынасына дагы 280 млн сом которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) өлкө казынасына дагы 281 млн сомдон ашык акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган акча каражаттары тиешелүү төлөмдөрдү төгүүдөн качкан “А.К.” ишканасынан октябрь айында өндүрүлгөн.

Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу иштерин улантып жатканын кабарлайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>