Финполиция: Кыргызстандан 1,6 миллиард сом чыгарып кеткен кылмышкерлер аныкталды

Финполиция: Кыргызстандан 1,6 миллиард сом чыгарып кеткен кылмышкерлер аныкталды

Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Финансы полициясы чет мамлекеттерге товарларга төлөм деп, 23 миллион АКШ долларын (1 миллиард 633 563 970 сом) мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топту аныктаган.

Бул иштин алкагында 12-ноябрда аталган акчаларды чыгарууну ишке ашырып келген Т.М. аттуу адамды кармаган.   

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу топ мамлекеттик бюджетке 347 миллион сомдон ашуун  зыян келтирилгендигин аныкташган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар мамлекеттик кызматтагы адамдар аныкталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>