Финполициянын ички иликтөө башкармалыгынын жетекчисине иш козголду

Финполициянын ички иликтөө башкармалыгынын жетекчисине иш козголду

Финансы полициясынын кызматкеринин мыйзамсыз баюусу боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы «Т.А.Р» карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылган.

Ага 2014-2020-жылдар аралыгында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчи «Т.А.Р» көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон жана алар жакын туугандарынын көмүскө түрдө каттаган деп айып коюлууда.

“Учурда анын «Т.А.Р» тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>