Fitch Ratings рейтинг агенттиги Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн баса белгилеп, 2022-жылдан 2024-жылга чейин экономиканын өнүгүшүнөн, капиталдын кириши жана курулуш секторуна инвестициялардан улам ИДП жылына 9% туруктуу өскөнүн белгиледи.
Агенттик ошондой эле натыйжалуу салык чогултуу жана диверсификацияланган салык базасы менен шартталган 2023 жана 2024-жылдардагы бюджеттин профицитин баса белгилеп, өлкөнүн туруктуу фискалдык көрсөткүчтөрүн белгилеген.
Ошону менен бирге Fitch Ratings, энергетикага жана тоо-кен өнөр жайына инвестициялар, жагымдуу демографиялык тенденциялар жана экономиканы диверсификациялоо жана формалдаштыруу боюнча аракеттер Кыргызстандын орто жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүн шарттайт деп болжолдойт.