Site icon Reporter.kg

FORBES журналы эң көп киреше тапкан актрисалардын тизмесин жарыялады. Сап башында Скарлет Йохансон турат

FORBES журналы эң көп киреше тапкан актрисалардын тизмесин жарыялады.  Аталган журнал рейтингди түзүүдө 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын июнь айына чейинки убакытты алып караган.

Бул жылы тизменин сап башына 56 миллион доллар тапкан америкалык актриса Скарлет Йохансон чыкты. Басылманын маалыматында, Йохансонго кирешенин басымдуу бөлүгү «Черная вдова»  жана «Мстители: финал» тасмалары үчүн төлөнгөн. Актрисанын эң көп гонорарын «Марвел» киностудиясы төлөгөн.

Экинчи орунда америкалык сериал жылдызы София Вергара. Ал 44,1 миллион доллар киреше тапкан. Бул эң көп киреше тапкан актерлордун көрсөткүчүнөн бир топ ылдый.

Актирса Риз Уизерспун үчүнчү болуп тизмеге илинген. Ал жылына 35 миллион доллар киреше тапкан.

Кийин Николь Кидман 34 миллион доллар киреше тапкан.

Дженнифер Энистонндун 28 миллион доллар.

Актрисалардын кирешеси 69 пайызга көбөйгөнү менен, өткөн жылга салыштырмалуу аз экени айтылды.

Exit mobile version