Site icon Reporter.kg

“Форма-2 менен добуш бергендердин санынын көптүгү шек жаратууда”

Форма-2 менен добуш бергендердин санынын көптүгү шек жаратып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский билдирди.

«Шайлоо участкаларында эреже бузууларды аныктаган жокпуз. Форма-2 менен добуш бергендер абдан көп болууда. Бул шек жаратат. Мен Чүй облусунда болдум. Ал жерде бир участкада 480 шайлоочу форма-2 менен добуш берет экен. Бишкекте мындай шайлоочуларга караганда форма-2 менен 1,5 эсеге көп болуп жатат. Бул жерде шек бар. Эмнеге жарандар шайлоо участкаларын алмаштырып жатат? Бул боюнча билдирүүбүздө айтабыз», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат.  Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.

 

Exit mobile version