Site icon Reporter.kg

Фоторепортаж. “Бир Бол” партиясы экологиялык акция өткөрдү

“Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен баштады. Талапкерлер, партия мүчөлөрү жана тарапташтары Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосуна барып, желексаптын айланасын таштандылардан тазалашты. Жыйынтыгында жалпы 300 килограммдан ашуун таштанды чогултулуп, иргелип алынган калдыктар кайра иштетүүгө жиберилди. Калганы полигонго ыргытылды.
[su_image_carousel source=»media: 39969,39971,39974,39970,39968,39967,39973,39966,39972″ crop=»none» autoplay=»4″]
Ошондой эле “Бир Бол” партиясынын Ош шаарындагы талапкерлери А.Навои атындагы сейил бакты ирээтке келтиришти.“Мындан ары шаарыбызды, өлкөбүздү тазалайбыз! Уурулукту, жемкорлукту жоюп, таза адамдардан турган коом түзөбүз”, -дешет талапкерлер.
[su_image_carousel source=»media: 39974,39975,39976,39977,39978,39979,39980,39981″ crop=»none» autoplay=»4″]
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.
Exit mobile version