Францияда эки кыргызстандык жүк ташуучу унаанын айдоочусу маңзат ташып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көйгөй Литвадагы Кыргызстандын жарандарын тыюу салынган заттарды ташуу үчүн жалдаган кылмыштуу топторго байланыштуу. Дипломат жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйында ошондой эле Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин 2022-2024-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету бекитилди.