Site icon Reporter.kg

Францияда пенсия реформасына каршы жүз миңдеген киши чыкты

Жүз миңдеген тургундар Франциянын көчөлөрүнө чыгышты.  Өлкөдө профсоюздардын жана саясий солчул күчтөрдүн чакырыгы боюнча пенсия реформасына каршы жалпы улуттук иш таштоо жүрүп жатат.

Ал арада атайын түзүлгөн депутаттык комиссия өкмөт тарабынан сунушталган пенсия курагын 62 жаштан 64 жашка көтөрүүнү караган документтин долбоорун кароодо.

Иш таштоого транспорт тармагынын, энергетика тармагынын ишканаларынын кызматкерлери, почточулар, мугалимдер, коммуналдык кызматтар, мамлекеттик кызматкерлер катышууда. Нааразылык акцияларына коомчулуктун колдоосу өсүүдө. Сурамжылоолорго ылайык, Франциянын тургундарынын 76% реформага каршы.

Француз өкмөтү реформанын зарыл экенин билдирүүдө. Премьер-министр Элизабет Борндун айтымында, пенсия куракты жогорулатуу акыркы чечим экенин айтат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version