Site icon Reporter.kg

Францияда суу таңкыстыгы жаралды

Быйыл июль айы Францияда 1959-жылдан берки эң кургакчыл болот. Мындай тыянакты жаан-чачындын бир кыйла жетишсиздигинен жапа чеккен өлкөнүн метеорологиялык кызматынын адистери чыгарды.

Франциянын 96 департаментинин 90унда кургакчылыктан улам сууну пайдаланууга чектөөлөр жарыяланды.

«Биз мончого суу куюп, кызыбызды киргизип, жуунтуп, чайкап, анан ошол эле сууну өзүбүз колдонобуз», — деди бир аял.

Суунун жетишсиздигине токой өрттөрү кошулуп, француздардын күнүмдүк жашоосун олуттуу кыйындатат. Дүйшөмбү күнү бийликтер 20 миң гектардан ашык токой күйүп кеткен Жирондо эки ири өрттү өчүрүүгө жетишкенин жарыялашты.

Ошол эле учурда Жер Ортолук деңизинин жээгинен бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Херо департаментинде өрт чыкты. Өрттөн 900 гектарга жакын токой жок болду.

Exit mobile version