Франциядагы Кыргызстандын элчилигинде кыргыз тилин үйрөтүү курсу ачылды. Анын демилгечиси Элита Султаналиева 15 жылдан бери бул өлкөдө жашап, “Кыргыз клуб-Франция” ассоциациясын дагы жетектеп келет.
Элита Кыргызстанда АУЦА университетин аяктап, кийин Жусуп Баласагын атындагы КУУда мугалим болуп иштеген.
Францияга окууга барып, 2011- жылдан бери «Кереметтуу жерим» долбоору аркылуу Кыргызстан жана кыргыз маданиятын француздарга жана башка улуттарга таанытуу максатында көптөгөн иш-чараларды ишке ашырып жүрөт.
Ал Reporter.kg’ге Францияда жашаган мекендештердин эне тилине болгон мамилеси жана келечек муунга кыргыз тилин үйрөтүү зарылчылдыгы тууралуу айтып берди.
— Кыргыз тил курсун ачуу кимдин идеясы?
— Көп жылдан бери кыргыз тил курсун ачууну ойлонуп жүргөнмүн, бирок аны ишке ашырууга шарт болбой жаткан. “Кыргыз клуб-Франция” деген кыргызстандык диаспоранын ассоциация бар. Анда дагы мекендештерибиз балдарыбызга тилди үйрөтүү зарылдыгын айтып калышчу.
Бул жакта элчилик ачылганына 3 эле жылдай болду. Быйыл гана анын жаңы имараты пайда болду. Мен элчибиз Садык Шер-Ниязга кичинекей балдарга эне тилин үйрөтүү боюнча оюмду айтканда ал дароо колдоду.
— Ага сиз кантип мугалим болуп калдыңыз?
— Мугалим болуу- чоң жоопкерчилик, андан дагы кыргыз диаспоранын чет өлкөдө төрөлгөн же чоңоюп бараткан балдарына тил үйрөтүү андан да бир зор жоопкерчилик.
Кандай гана иш болбосун эң кыйыны — биринчи кадам жасоо. Калганы биздин аракетке жараша ишке аша берет.
Демилге колдоо тапкандан кийин ата-энелер менен маектешип, аларга мотивация берип, алар өз кезегинде балдары менен сүйлөшүп, студенттердин арасынан ыктыярчыларды тандап, диаспоранын группасы аркылуу иштерди жүргүздүм.
Алгач балдардын деңгээлин аныктадым. Азыркы убакытта методикаларды окуп издеп жатам. Окуу программасын тил жана Кыргызстан таанытууга багыттап, аны жаш активисттер менен бирге түзүп жатабыз.
Мага ишенип колдоо көрсөткөн элчилмктин кызматкерине, ата-энелерге жана ассоциациядагы командага ыраазычылык билдирем.
— Биринчи сабакка 8 бала катышыптыр, саны мындан көбөйүшү мүмкүнбү же Парижде балалуу кыргыз үй-бүлөлөр азбы?
— Санын көбөйтсө да болот, бирок мен биринчи этапта курстун сапатына көңүл бурсак деп ойлойм.
Парижде балалуу кыргыз үй-бүлөлөр бар, бирок баарын бир убакытка топтоо мүмкүн эмес. Анүстүнө сабак өтүүчү залда азырынча 8 эле олтургуч бар. Кийинчерек дагы бир тайпаны ачсак болот. Анын баары биздин ыктыярдуу топтун бош убакытына көз каранды.
— Курс кыргыз балдары үчүн элеби, же башка улуттан дагы калоочулар катыша алабы?
— Азырынча кыргыз балдар учун эле. Орундар аздыгына байланыштуу Францияда төрөлуп же чоңоюп бараткан диаспоранын балдары алдынкы орунда.
Негизи кыргыз тилин калоочулар онлайн дагы окуса болот, бирок биздин максатыбыз Франциядагы мекендештердин балдарын бириктирүү. Алардын өз ара эне-тилинде баарлашуусуна шарт түзүп, коомубузда биримдигибизди күчөтүүнү көздөйбүз.
-Балдардын эне тилин үйрөнүүгө ынтызарлыгын кандай баалайсыз?
— Биринчи сабак учурунда бир өспүрүм бала кыргыз тилинин зарылдыгын сурады. Ал “өз ара французча сүйлөшөбүз, анан Бишкекте баары орусча сүйлөшөт”, — деп айтты.
Мындай реалдуулукту белгилеген суроого кантип жооп берсем экен деп ойлондум. Анан ага эне тилдеги сөздөрдүн күчүн, касиеттүү кодун, ал генетикалык жагынан улут үчүн бакыт дөөлөт экенин айтып бердим. Мисалы бир эле “Манас” кыргыздардын ааламын камтыйт.
— Окуу куралдары жетиштүүбү?
— Окуу программасын интернеттен түзүп, жомокту, сүрөттөрдү, мультфильмдерди таптык. Бирок балдарга кыргызча алиппелер жана башка китептер керек. Анткени балдар француз мектепке баргандыктан латын алфавитинде окуй алышат. Аларга кириллицадан тарта үйрөтүп чыгуу керек. Өзүмө дагы профессионалдуу колдонмолорду издеп жатам.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз