Француз компаниясы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялайт

Француз компаниясы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялайт

Франциянын EDF-Hydro Engineering Center компаниясы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялаганга консультация берүү боюнча тендерди утуп алгандыгы «Электр станциялары» ишканасынын сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, келишимдин суммасы 3,35 миллион долларды түзгөн. Тендерге дагы үч компания, Россиядан «Гидропроект» долбоорлоо жана изилдөө институту, Швейцариядан Stucky Ltd жана Индиядан WAPCOS Limited катышкан.

Эң төмөнкү бааны Индия сунуш кылса, француз компаниясы эң жогорку техникалык деңгээлге жана алгылыктуу баага ээ болгону белгилүү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>