Freedom House: Тажикстан эркиндиктин абалы боюнча эң начар өлкө

Freedom House: Тажикстан эркиндиктин абалы боюнча эң начар өлкө

Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун 4-мартта жарыяланган жаңы баяндамасында Тажикстан «эркин эмес» деп табылып, жарандык укуктар менен эркиндиктин сакталышы боюнча эң начар 10 өлкөнүн катарына кирди.  

Баяндаманын авторлору дүйнөнүн 195 өлкөсүндөгү эркиндиктин деңгээлине анализ жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында алардын 83ү эркин, 63ү жарым-жартылай эркин жана 49у эркин эмес деп табылган. Баяндамадагы таблицага ылайык, акыркы он жылдыкта Тажикстан 18 тепкичке төмөндөп, бүгүнкү күндө Мальдив, Йемен, Азербайжан жана Бангладеш өлкөлөрү менен жанаша жайгашкан.

Уюмдун былтыркы баяндамасында Тажикстан Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирге саясий укуктар менен жарандык эркиндиктин абалы эң начар мамлекеттердин катарына кошулган. Борбор Азиядагы бул үч өлкө Сирия, Түштүк Судан, Эритерия, Түндүк Корея, Судан, Борбордук Африка Республикасы, Ливия сыяктуу өлкөлөр менен бир топко киргизилген. Душанбе анда көз карандысыз жаңылыктар сайттары менен социалдык түйүндөрдү чектегендиги үчүн сынга алынган.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Freedom House уюмунун баяндамасы боюнча үн ката элек. Адатта расмий Душанбе эл аралык укук коргоо уюмдарынын бардык сындарын четке кагып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>