Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун финалында «Абдыш-Ата» (Кант) менен «Нефтчи» (Кочкор-Ата) командалары беттешти. 1:0 эсебинде толук жеңишти камсыздай алды.
Канттык команда талаага бирюза түстөгү форма менен чыгышса, атаандаштары ак түстөгү форма менен чыгышкан.
Жыйындын башкы арбитри болуп Дайыр Абдылдаев дайындалды. Жардамчылар: Канат Мырсабеков менен Арген Чыңгыз уулу. Ал эми запастагы калыс Вероника Бернацкая, Дмитрий Машенцев матчтын инспектору, Асхат Гандалипов комиссар болушту.
Белгилей кетсек, 14 жана 26-июлда өткөн жарым финалда «Абдыш-Ата» «Алгадан» (1:0 жана 4:2), «Нефтчи» «Алайдан» (0:0 жана 3:1) күчтүү экенин көрсөткөн эле.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда