Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан чечүүчү беттеш өткөрөт

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан чечүүчү беттеш өткөрөт

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы менен Тажикстандын улуттьук курамасы беттешет.

Оюн саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.

Аталган эки команда 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында беттешип, Тажикстан курамасы 1:0 эсебинде уткан.

Учурда Кыргызстан курама командасы F тайпасында Жапония курумасынан кийин экинчи орунунда келе жатат. Ал эми упайлардын саны боюнча Тажикстан курамасы менен бирдей.  Ар бир тайпадан кийинки баскыча эки команда гана чыгат, ошондуктан бүгүнкү Тажикстанга каршы беттеш өзгөчө маанилүү.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда болуучу Азия Кубогуна тандоо этабынын алкагында болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>