Site icon Reporter.kg

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка карата Бишкектеги стадион оңдолот

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион оңдолот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова стадиондо өткөргөн  көчмө жыйында айтты.

Жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлери футбол аянтчасынын жана секиченин алдындагы бөлмөлөрдүн абалы тууралуу маалымат беришип, стадионду оңдоп-түздөө, айрым отургучтарды алмаштыруу керектигин белгилешти.

Алтынай Өмүрбекова агенттигинин кызматкерлерине зарыл болгон чараларды кабыл алууну жана аренаны даярдоо тапшырмасын берди.

[su_quote]Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек.[/su_quote]

Ошону менен бирге Алтынай Өмүрбекова футбол болуп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калды

17-июлда  Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн

Exit mobile version