Site icon Reporter.kg

Футбол: Кыргыз курама командасы Мьянма менен беттешет

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы 10-октябрда Мьянма менен оюн талаасынан кез келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Александар Крестинин баштаган Кыргыз курамасына 23 футболчу чакырылды.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын курамы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (бардыгы «Дордой»)

Коргоочулар: Валерий Кичин («Динамо-Минск», Беларусь), Виктор Майер («Виденбрюк», Германия), Айзар Акматов, Азамат Байматов, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (бардыгы «Дордой»), Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия)

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов («Алай»), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат (бардыгы «Дордой»), Турсунали Рустамов («Худжанд», Тажикстан), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларусь).

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Ульм 1846», Германия), Мирлан Мурзаев («Дордой»).

Exit mobile version