Мьянма жана Кыргызстандын футбол боюнча курамаларынын март айына белгиленген беттеши башка убакка жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы Мьянма жана Кыргызстандын курама командаларынын беттеши башка убакка жылдырылды. Ага Мьянмадагы саясий жана эпидемиологиялык кырдаал себеп болгон.
Беттеш 30-мартта Мьянманын Мандалай шаарында өтмөк.
Алдын ала маалыматтарга караганда беттеш июнь айында өтүүсү болжолдонууда.