Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы “Үч улуттун кубогу” турниринде Непал менен 0:0 эсебинде тең чыкты.
Оюн 25-мартта Катманду шаарындагы “Дасаратх Рангасала” стадионунда орун алды.
Белгилей кетсек, 23-мартта Кыргызстан менен Бангладештин олимпиадалык курама командалары кез келип, “Ак Шумкарлар” 1:0 эсебинде Бангладешке утулуп калган.
Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына өлкө чемпиондугунда ойногон 23 жашка чейинки 22 футболчу чакырылган. Турнир 30-мартта жыйынтыкталат.
27-мартта Непал менен Бангладештин курамалары беттешет, анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамасы турнирди улантары же жыйынтыктары белгилүү болот.