Site icon Reporter.kg

Футбол: Кыргызстан менен Россиянын курамалары Бишкекте ойнойт

24-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Россиянын командасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Жолдоштук беттеш Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул эки кураманын тарыхтагы алгачкы беттеши болот.

Эскерте кетсек, Россиянын футбол боюнча курамасы эл аралык мелдештерден четтетилген. Акыркы жолу алар расмий беттешти былтыр ноябрь айында өткөрүшкөн. Бирок бул тыюу салуу жолдоштук беттештерге тиешелүү эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version