Site icon Reporter.kg

Футбол: Кыргызстан Мьянма жана Индия менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянма жана Индиянын командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюндар Tri-Nation International Football Tournament мелдешинин алкагында 16-20-мартта Калькуттада (Индия) өтөт.

«Ак шумкарлардын» курамы:

Дарбазачылар:

• Эржан Токотаев («Каспий», Казакстан);
• Антон Коченков («Арсенал», Россия);
• Султан Чомоев («Дордой»).

Коргоочулар:

• Християн Браузман («Абдыш-Ата»);
• Айзар Акматов (эркин оюнчу);
• Александр Мищенко («Дордой»);
• Кайрат Жыргалбек уулу («Аксу», Казакстан);
• Тамирлан Козубаев («Истерн», Гонконг);
• Бекжан Сагынбаев («Китчи», Гонконг);
• Арслан Бекбердинов («Абдыш-Ата»);
• Сүйүнтбек Мамыралиев («Дордой»).

Жарым коргоочулар:

• Эрбол Атабаев («Динамо», Махачкала);
• Муролимжон Ахмедов («Дордой»);
• Турсунали Рустамов («Дордой»);
• Николай Давыдов («Изманинг», Германия);
• Гүлжигит Алыкулов («Кайрат», Казакстан);
• Магамед Узденов («Алга»);
• Рауль Жалилов («Алга»);
• Алимардон Шукуров («Неман», Беларусь);
• Кай Мерк («Унион Титус- Петанж», Люксембург).

Чабуулчулар:

• Элдар Молдожунусов («Нефтчи»);
• Шерали Юлдашев («Дайнава», Литва);
• Эрнист Батырканов («Келантан Юнайтед», Малайзия).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version