Футбол: Ошто күйөрмандардын өтүнүчү менен «Алайдын» оюн убактысы жылдырылды

Футбол: Ошто күйөрмандардын өтүнүчү менен «Алайдын» оюн убактысы жылдырылды

Ош шаарында күйөрмандардын өтүнүчү боюнча футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 2-турундагы беттештин убактысы жылдырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-мартта Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо “Алай” – “Абдыш-Ата” командалары саат 13:00дө оюн өткөрмөк.

Бирок, футбол ышкыбоздорунун көпчүлүгү жума намазга барарын айтып, андыктан оюнду саат 15:00гө жылдырууну суранышкан. Мындан улам, оюн убактысы күйөрмандар суранган саатка жылдырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>