Футбол: Стадион даяр болбой өлкө чемпиондугунун оюндары жылдырылды

Футбол: Стадион даяр болбой өлкө чемпиондугунун оюндары жылдырылды

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын алгачкы турундагы үч оюну белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сырттагы аба ырайына байланыштуу беттештерди өткөрүүгө стадион даяр болбой калган.

16-мартта Ош шаарында “Алай” – “Каганат” оюну белгиленген убакытта өтөт.

Ал эми 15-марттагы “Абдыш-Ата” – “Кара-Балта”, 16-мартка белгиленген “Алга” – “Илбирс” жана “Дордой” – “Нефтчи” оюндары белгисиз убакытка жылдырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>